Токмокто "Ата-Журт Кыргызстандан" башка партиянын баары жеңишке жетти

Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Шайлоого катышкан алты партиянын бешөө утуп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо беш партия өттү. Бул тууралуу Автоматтык эсептөөчү урнанын берген маалыматында көрсөтүлгөн.
Учурда добуштар АСУ аркылуу 100 пайыз эсептелип бүттү. Ага ылайык, шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетип, бир гана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз добуш менен өтпөй калган.
Токмок шаарындагы алдын ала жыйынтык:
Белгилей кетсек, бул расмий жыйынтык эмес, кол менен эсептөөнүн натыйжасында БШК тарабынан акыркы чечим кабыл алынат. Токмок шаардык кеңешинде өткөн партияларга 28 мандат бөлүштүрүлөт.