Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти

Бишкек шаардык кеңешинин жаңы чакырылышына азыркылардан 12 депутат кайрадан мандат алат. Ошондой эле бир катар бизнесмендер жана башка белгилүү адамдар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча, алты партия жеңишке жетти. Мандат алышы мүмкүн болгон талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлер, учурдагы депутаттар жана жумушсуздар. Арасында бир ырчы бар.
Автоматтык эсептөөчү урнада добуштардын 99,12 пайызы саналгандан кийинки маалыматына ылайык, Бишкек шаардык кеңешинин 45 мандаты төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

"Эмгек" партиясы — 11 мандат:

"Ата-Журт Кыргызстан" — 9 мандат

"Ишеним" — 8 мандат

Ынтымак" — 7 мандат

"Социал-демократтар" — 5 мандат

"Өнүгүү-Прогресс" — 5 мандат

Бишкек шаардык кеңешинде 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 18 партия ат салышты. Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Жалпысынан 104 693 адам добуш берди же шайлоочулардын 24.54 пайызы катышты.