Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо башталды

Үч шаарда апрель айында өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы массалык мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган. Май айында президент Жапаров жаңы шайлоону дайындаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо башталды.
Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо-2021: маанилүү маалыматтар
Ушул жылдын 11-апрелинде өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы мыйзам бузуулардан улам жокко чыгарылган эле. Ал эми май айында президент Садыр Жапаров жаңы шайлоону дайындаган жарлыкка кол койгон.
Пандемия башталып, өлкөдө чукул абал киргизилгенден улам, тагыраагы, 2020-жылдын март айынан кийин жергиликтүү кеңештин шайлоосу дээрлик бир жылга жылдырылган.