БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиянын сомнология улуттук коомунун төрагасы Владимир Ковальзон иммунитетти калыптандырууда уйку абдан маанилүү экенин айтты. Адистин пикири RT телеканалынын сайтына жарыяланган.
"Уйку учурунда иммунитет калыптанат. Андыктан кишинин уйкусу канбаса вакцина алгандан соң же COVID менен ооруп айыккандан кийин, балким, коронавирусту жуктурган киши менен байланышта болгондон соң иммунитеттин калыптанышына кадимкидей терс таасирин тийгизет. Андыктан вирус күчөп жаткан маалда адамдын эрте жатып, кечирээк турушу өзгөчө маанилүү", — деди Ковальзон.
Адистин айтымында, орточо эсеп менен алганда киши сегиз сааттан уктап турушу шарт. Дарыгер уйкусуздуктан натыйжалуу жана зыяны жок арылткан нерсе азырынча табыла электигин белгилеген.