Нарында башка аймактарга чөп сатууну токтотуу чечими кабыл алынды

Учурда Нарындан башка аймактарга чөп сатууну токтотуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Нарын облусунда топтолгон тоютту башка аймактарга сатууга чектөө коюлууда. Мындай кадам азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тоют жетишсиздигин алдын алуу максатында болгонун министрлер кабинетинин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. 
Радио
Мамытканов: силос жасоо менен тоют кризисинен чыгып кете алабыз
Бүгүнкү күндө облуста тоют топтоо өнөктүгү кызуу жүрүп, биринчи чабыкта 9 149 гектар аянттагы чөп чабылды. Топтолгон тоют 30 085 тоннаны түзөт. Жалпысынан 80 283 гектар жердеги чөп жыйналышы керек. Азыркы күндө анын 11 пайызы чабылды.