Макгрегор менен Порьенин беттеши качан жана каяктан көрсө болот. Тизме

ЖМКлардын маалыматына караганда, Макгрегор азыркы кармашында 10 миллион доллардай, ал эми Порье 3 миллион доллардай табат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Эртең, жекшембиде (Бишкек убактысы боюнча), Конор Макгрегор менен Дастин Порьенин көптөн күттүргөн беттеши болот.
Америкалык жана ирландиялык спортчу Лас-Вегаста өтө турчу UFC 264 турниринин башкы беттешинде жолугат. Бул уюмдун жеңил салмактагы атактуу мушкерлеринин үчүнчү беттеши. Алгач, 2014-жылы Конор Порьени нокаут менен уткан. UFC атлеттери быйыл 24-январда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" спорттук жайында кармашып, анда америкалык мушкер ирландиялыкты таймаштын экинчи раундунда сулата чаап жеңип алган. Муну менен Макгрегор карьерасында алгачкы ирет нокаутка түшүп жеңилген.
ММА тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтинги жарыяланды
Атлеттер кечээ беттеш алдындагы маалымат жыйынын өткөргөн. Анын аягында жүз карашуу учурунда өзүн кармай албаган ирландиялык мушкер атаандашын сол буттап тепкен. Бирок сокку америкалыкка тийген эмес. Спортчуларды промоушендин президенти Дана Уайт жана уюштуруучулар арачалап калган.
Иш-чара кызуу талаш-тартыш менен өтүп, спортчулар бири-биринин сазайын бере турганын убадалаган. Макгрегор Порье "октагондо иттей качарын" айтып ачуусуна тийген. Конор беттешке чейин атаандашына психологиялык басым жасоо максатында анын аялы Жоли Порье ага билдирүү жөнөткүсү келгенин айтып тийишкен.
ЖМКлардын маалыматына караганда, Макгрегор азыркы кармашында 10 миллион доллар, ал эми Порье 3 миллион доллардай табат.
UFC 264 турниринин негизги беттештери Бишкек убактысы боюнча 8:00дө, ал эми Порье менен Макгрегордун кармашы болжолу менен 10:00дө башталат.
Түз эфирди кайдан көрүүгө болот:
ММА боюнча профессионалдык карьерасында Макгрегор 22 жолу утуп, беш ирет жеңилген. Ал эми Порье 27 жеңишти камсыздап, алты ирет утулган. Экөө тең 32 жашта.