Баткендеги чек арадан тажик тарап кармап кеткен кыргызстандык жоокер бошотулду

Эки күн мурда Баткендеги Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салып, чек арачыны алып кирип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуудан кийин тажикстандык чек арачылар кармап кеткен КРдин Чек ара кызматынын прапорщиги Умаров кыргыз тарапка берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Жоокерди мекенине кайтаруу боюнча 9-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын жетекчилери сүйлөшкөн.
"Бүгүн түнкү саат бирге чукул Кыргызстандын чек ара өкүлү менен аскер кызматкери Умаров "Кайрагач" көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга кирди", — деп айтылган маалыматта.
2021-жылдын 10-июнундагы саат 10:00гө карата алынган маалыматтарда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы абалдын туруктуу экени кабарланды.
Кыргызстандык чек арачы Хуснидин Хожиевдин сөөгү Тажикстандан алып келинди
Буга чейин кечээ, 9-июлда, Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудагы атышууда тажик тараптын огунан курман болгон кыргызстандык чек арачы сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү алып келинген.
Белгилей кетсек, 8-июлда саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон