Бишкек, Ош жана Токмоктогу шайлоочулардын акыркы тизмеси жарыяланды

Шайлоочулардын 7 пайыздык добушун алган партиялар жеңүүчү аталат. Шайлоого катышуу боюнча босого чек коюлган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы шайлоочулардын акыркы тизмесин жарыялады.
Эртең участкадан тышкары 4 миңдей шайлоочу добуш берет
Анын ичинен Бишкекте 426 699, Ошто 152 718, Токмокто 38 100 шайлоочу катталган.
Ушул жекшемби күнү Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоо өтөт. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 7 пайызынан жогорку добушун алган партиялар жеңүүчү аталат. Шайлоо өттү деп таануу үчүн босого чек коюлган эмес.