Коронавирустун индиялык штаммы Кыргызстанда катталган эмес. Штабдын билдирүүсү

Өлкөдөгү оорулуулардын ичинен 85,7 пайызынан британиялык штамм, ал эми 14,2 пайызынан түштүк африкалык штамм аныкталганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча республиканын аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Ага ылайык, өлкөдөгү бейтаптардан 85,7 пайызынан британиялык жана 14,2 пайызынан түштүк африкалык штаммдар аныкталган.
Республикалык штаб калкты 90 пайызга чейин эмдөө аркылуу ооруну алдын алууга жана жеңил өткөрүүгө болорун билдирди. Учурда өлкөдө 130 миңге жакын киши вакцина алды.
Кыргызстандык вирусолог: азыр COVID адамды болушунча өлтүрбөгөнгө аракет кылууда
Апрель айында министрлик Кыргызстанда коронавирустун "британиялык", "индиялык", "түштүк африкалык" жана "россиялык" штаммдары жүргөнүн айткан болчу. Анализдердин жыйынтыгы Новосибирскидеги лабораториядан чыкканын белгилешкен.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму SARS-CoV-2нин төрт түрүн "тынчсыздандыруучу" тизмеге киргизген: альфа (Британия), бета (Түштүк Африка), гамма (Бразилия) жана дельта (Индия).
Эксперттердин айтымында, акыркысы Ухандан чыккан вирустан да эки эсе коркунучтуу, ошого карабай дагы мутацияланып жатат. Жакында эле анын дельта-плюс түрү пайда болгон.
Индиялык штамм дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүндө жайылган. Ал кишиге бат жугуп, ооруну тез козгоп, абалды кыйындатканы менен белгилүү.