БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Көпчүлүк өнөкөт оорулар күндүн ысышы менен күч алат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Москва шаарынын Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү департаментинин штаттан тышкаркы башкы адиси Андрей Тяжельников билдирди.
Дарыгердин айтымында, аптаптуу ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлардын 50 пайызын, бронхити барлардын 10-12 пайызын, астмасы барлардын 30 пайызын эски дарты кыйнайт.
"Негизи эле кышка караганда жайында ооруп калуу коркунучу көбүрөөк. Ысып турган организмге суук бат тийип, иммунитет тез төмөндөйт. Мындай учурда өнөкөт оорулар гана козголбостон, вирус менен бактериялар бат жугат. Негизи ысыктын өзү организмге чоң стресс алып келгендиктен, жайкысын ооруп калуу өтө оңой", — деди Тяжельников.
Кыргызстанда өтүп бараткан апта адаттан тыш ысык болду. Буга чейин Кыргызгидромет 10-июлга чейин абанын температурасы 36дан 41 градуска чейин жетип, андан кийин ысык бир аз мизин кайтарарын божомолдогон.