Ат-Башы акимчилигинен акча талап кылып опузалаган. Алдамчы "чекисттин" сүрөтү

Кармалган жаран Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзүп, актыны бурмалоо үчүн пара талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзүн УКМК кызматкери катары тааныштырып Ат-Башы райондук акимчилигинен 100 доллар пара талап кылган алдамчы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн. Андан соң түзүлгөн актыны оң тарапка чечип берүүнү убадалап жетекчиликтен 100 доллар талап кылган.
Билдирүүгө ылайык, Т.С.К. аттуу жаран Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкеримин деп Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына текшерүү жүргүзгөн
Натыйжада ал УКМК тарабынан кармалып, Нарын шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган жарандын алдамчылык аракеттеринен жабыркагандар болсо УКМКнын Нарын облусундагы (03522) 50849 ишеним телефонуна кайрылуу сунушталат.