БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргыз жараны менен Орхан Инандыны салыштырып болбойт. Мындай билдирүүнү маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жасады.
Журналисттер ага эмне себептен Инандынын өмүрүнө коркунуч жаралган учурда УКМК өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуштаганын сурап, Кыргызстандын башка жарандарына дагы ушундай мамиле болобу деген суроо узатышты.
"Орхан Инандыны Кыргызстандын жараны менен салыштырбагыла! Инанды башка мамлекетте жасаган кылмышы боюнча жооп берип жатат. Ал мамлекеттин айтуусуна караганда, Инанды террордук кылмыш боюнча шектелүүдө. Түркиянын жарандыгын тапшырышы керек эле. Ал, кыргыздарда айтылгандай, "сыртынан жалтырак, ичинен калтырак" болгон. Башкача айтканда, сыртынан Кыргызстандын жаранымын деп, ал эми чөнтөгүндө Түркиянын паспорту болуп, кырдаал өзгөрүп кетсе, кайрадан кетип калам деген максатта жүргөн жарандардан эле", — деди Ташиев.
Ошондой эле ал Инандынын кыргыз жарандыгын алышынын мыйзамдуулугу боюнча 2019-жылы козголгон кылмыш иши эми ИИМге өткөрүп берилерин кошумчалады.
Орхан Инандынын жоголушу
"Сапат" лицейлер тармагынын президенти, Кыргызстан жараны Орхан Инанды 1-июндун түнүнөн бери дайынсыз болуп жаткан. Анын автоунаасы Октябрь районундагы Малдыбаев көчөсүндө Ала-Арча суусунун жээгинде эшиги ачык калган тейде табылган. Президент Садыр Жапаров аны табуу үчүн кошумча күч тартууну тапшырган. Ички иштер министрлиги Инандыны 1000ден ашуун милиционер издеп жатканын билдирген.
Кийинчерээк УКМК Орхан Инандыны эки жыл мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү издеген деген маалымат тараткан.
Инандынын табылышын талап кылган жарандар Өкмөт үйүнүн алдына бир нече жолу митингге чыгышкан.
Ал эми 5-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Инанды өлкөгө алып келингенин жар салган.