"Кумтөр" кимдерди ала жатат. Ташиев Акаев, Бакиев баш болгон бир топ ысымдарды атады

Атайын кызмат алтын кенге байланышкан окуянын хронологиясына терең анализ жүргүзүп, иликтөөгө негиз болгон багыттарды аныктаган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алдын ала жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, атайын кызматтын адистери алтын кенге байланышкан окуянын хронологиясына терең анализ жүргүзүп, иликтөөгө негиз болгон багыттарды аныктаган.
1992-1994-жылдар. Канадалык Cameco компаниясы менен башкы макулдашуу түзүлгөн. Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланганы үчүн тунгуч президент Аскар Акаевге издөө жарыяланды. Экс-премьерлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, "Кыргыз алтын" ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгуловго мөөнөтү өтүп кеткени үчүн ишти токтотууга макулдук берилди. Экономиканы өнүктүрүү жана реконструкциялоо комитетинин экс-төрагасы Борис Бернштейнге издөө жарыяланды.
"Ишти токтотууга макулдук берилди" деген эмне? Биз аларга өлкө үчүн пайдасыз келишим түзгөнүн далилдеп бергенден кийин күнөөлөрүн мойнуна алышты. Бирок иштин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу, күнөөсүн мойнуна алганына карабай кылмыш ишин токтотобуз", — деди Ташиев.
2003-жыл. Centerra Gold Inc. компаниясы менен келишим реструктуризацияланып, Кыргызстандын үлүшү 25,7 пайызга же 7,3 миллиард сомго азайган. Ташиевдин билдиришинче, дал ушул иш боюнча Аскар Акаевге издөө жарыяланды.
2009-жылдагы макулдашуу. Шектүүлөр:
2012-жыл. Centerra менен Кыргызстандын пайдасына чечиле турган сүйлөшүүнү үзгүлтүккө учуратуу. Шектелүүдө:
2014–2017-жылдар. Centerra менен стратегиялык макулдашуу түзүлүп, КРдин Суу кодексине өзгөртүү киргизилген. Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев шектелүүдө. Ал тергөө менен макулдашканы үчүн үй камагына чыгарылган.
Ташиев: Акылбек Жапаровдун колу "Кумтөр" боюнча келишимдерде жок болуп чыкты
Учурда "Кумтөр" ишине катыштыгы бар адамдардын баарын аныктоо иштери жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, экс-премьер Сапар Исаковго, министрлерге жана башка ведомство жетекчилерине, Centerra компаниясынын жооптуу кызматкерлерине юридикалык баа берилет.
Насыя деген жүйө менен "Кумтөр голд компани" ишканасынан 500 миллион доллар чыгарып кетишкен. Ташиев аталган факты аныкталганын жана "бул каражатты уурдап кетишкен" деп билдирди. Буга катыштыгы бар адамдар такталууда. Алмазбек Атамбаевге, Сапар Исаковго, ошондогу министрлик, ведомство башчыларына, КГК менен Centerra компаниясынын кызматкерлерине юридикалык баа берилет.
УКМК министрлер кабинетине канадалык компания менен түзүлгөн Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербеген бардык макулдашууларды жокко чыгаруу сунушун жөнөткөн.