БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлгөнүн мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Бул боюнча жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон. Ал 23-июнда бизнесмендер менен жолукканда айтылган сунуш, көйгөйлөрдү эске алуу менен Антикоррупциялык ишкердик кеңеши түзүлөрүнө убада берген.
"Аталган кеңешти түзүүнүн негизги максаты — коррупцияга каршы иштөө маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу. Ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн шарт түзүп берүү", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жоюлган. Анын милдетин башка бөлүмү аткарарын Камчыбек Ташиев бүгүн, 8-июлда өткөн маалымат жыйында айтты.