СOVID жуктургандарды дарылаган ооруканалардагы бош орундар. Тизме

Коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. Алардын ичинен тогузунда бош орун калбай калды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкектеги жана шаар четиндеги 9 стационарда коронавирус менен ооругандар үчүн 160 орун бош. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, коронавирусту дарылоо үчүн ордо калаада жана Чүй облусунун шаарга жакын аймактарында 18 оорукана даярдалган. 7-июль саат 8:00гө карата алынган маалымат боюнча, анын тогузунда гана орун бар. Ал эми калган тогузунда бош орун калбай калган.