Кайра эле админресурс. Депутаттар шаардык кеңешти шайлоо өнөктүгүнө тынчсызданды

Эл өкүлү Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү кайрадан эле мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканына тынчсызданды.
Эл өкүлү Самат Исманов 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышына негиз болгон мыйзам бузуулар кайрадан кайталанып жатканын билдирип президенттин жана министрлер кабинетинин ЖКдагы өкүлүнө кайрылды.
"Мына кайра шайлоого үч күн калды, бул шаарлардагы шайлоо жөн бүтпөйт сыңары. Кайрадан эле адамдарды каттоого тургузуу, ооруканага жаткыруу, ар бир участокто 50-100дөн бейтап бар экен. Туура эмес иштер кайра эле болуп жатат, эми жыйынтыгы кандай болот? Ошону карап койсоңуздар", — деди Исманов.
Ал эми Марлен Маматалиев айрым партиялар мурункудай эле административдик ресурс колдонуп жатканын белгиледи.
Шаардык кеңешке депутат болом деген ырчы, актёр, журналисттер
"Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан пайда жок болууда. Айрым партиялар административдик ресурс колдонуп, жарандарды каттоого коюп жатат, кайра эле квартал башчылары ишке киришти. Эми мынча саясий эрк, күч колдонулгандан кийин аягына чыгарып койсо жакшы болот эле. Укук коргоо органдары кол шилтеп калышты, ошого тапшырма берип коюңуздар", — деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңешине депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.