БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы транспорт, турак жай жана жер салыктарын төлөө мөөнөтү жакындап калганын эскертти.
Анда айтылгандай, ушул жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин турак үйлөр, батирлер (ишкердик максатта колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.
Жарандар салык органына барбай эле төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Акчаны каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.
Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер — электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.
Салык кызматы бул боюнча толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болорун билдирди.