115 миң сом, анан тизме чыккан. Ошто добуш сатып алмакчы болгондор кармалды

Шектүүлөр тергөө кызматына алып келингенден кийин шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин тарапташы экени аныкталган. Учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Ош шаарында добуш сатып алууга аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди. 
Анда айтылгандай, бүгүн саат 11:37де добуш сатып алуу фактысы боюнча милицияга билдирүү түшкөн. Анын негизинде Ош шаарынын Жумабаев көчөсүндөгү үй текшерүүгө алынып, үйдөн 61 жаштагы Р.Ш., 61 жаштагы Л.Б. жана 41 жаштагы И.Х. кармалган. 41 жаштагы шектүүдөн 115 миң сом жана ошол аймакта жашаган шайлоочулардын тизмеси чыккан.
БШК төрайымы Ошко барып эреже бузуу боюнча шаар бийлигине эскертүү берди
Шектүүлөр тергөө кызматына алып келингенден кийин шайлоого катышып жаткан партиялардын биринин тарапташы экени аныкталган.
Учурда факты боюнча Жазык кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочуларды сатып алуу") менен сотко чейинки өндүрүш башталган.
БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.
Кайра шайлоо 11-июлда өтөт.