COVID, ысык. Жүрөк дарты барлар кантип тамактанып, машыгышы керек

Дарыгердин айтымында, ысыкта суюктук ичүү зарыл, бирок жүрөк-кан тамыр оорусу барларга аны күнүнө 2-2,2 литрден ашык колдонууга болбойт.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акбай Сарыбаев пандемия маалында жана ысыкта жүрөк-кан тамыр оорусу барлар кандай тамактанышы керектигин брифинг учурунда айтып берди.
Кардиолог жашылча-жемиш көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калганын белгилеп, күнүнө кеминде 400 граммдан ашык жашылча-жемиш жеп туруу зарыл экенин айтты.
"Майлуу, куурулган, оор тамактарды аз жеп, кофенин көлөмүн да кыскартуу керек. Күнүнө 1-2 чөйчөк жетиштүү. Ысыкта суюктук ичүү зарыл, бирок жүрөк-кан тамыр оорусу барларга аны күнүнө 2-2,2 литрден ашырууга болбойт. Тамактын тузун кемирээк кылып жегенге көнүп, ысыкта муздатылган тамактарды ичкенге аракет кылыш керек", — деди Сарыбаев.
Медик жүрөк-кан тамыр оорусу менен жабыркагандар коронавирустан эки эсе сактанып, санитардык нормаларды кылдаттык менен аткарышы керектигин эскертти. Ошондой эле дем алуу жана дене тарбия машыгууларын жасап туруу зарылдыгына токтолду.
Радио
Уезбаев: күндүн ысыгынан наристелер жана улгайган адамдар жабыркашат
"Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар жөө басып, сууга сүзүп, велосипед тээп машыкса болот. Бирок ошол машыгуу учурунда көңүл бөлчү нерселер бар. Биринчиден, машыгууда пульс нормадан 30 пайызга ашпаш керек. Маселен, машыкканга чейин пульс 80ди көрсөтсө, машыгып жатканда 110дон ашып кетсе дароо токтотуу зарыл. Сатурацияны да карап турган оң. Эгер 91ден ылдый түшүп кетсе, токтотуп дарыгер менен кеңешүүнү сунуштайм. Үчүнчүдөн, кан басым. Машыгуу учурунда кан басым 170-110дон көтөрүлүп же түшүп кетсе, анда машыгууну коё турган жакшы", — деди Сарыбаев.
Дарыгер кокус жүрөк-кан тамыр оорусу бар адам коронавирус жуктуруп алса, мурда ичип жүргөн дарыларын таштабай иче бериши керектигин кошумчалады.