Эркектердин оор көнүгүүлөрү аялдарга да пайдалуу. Адистин түшүндүрмөсү

Оор атлетиканын бир топ көнүгүүлөрү сөөктү бекемдеп, остеопороз сыяктуу ооруларды алдын алууга жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Дарыгер жана алып баруучу Александр Мясников "Россия-1" телеканалындагы эфиринде кыз-келиндерге эркектер жасачу кара күч көнүгүүлөрү болбойт деген түшүнүктү жокко чыгарганын РИА Новости жазды.
"Аялдарга дагы мындай көнүгүүлөр абдан пайдалуу. Албетте, эркектердикиндей оор эмес, андан жеңилирээк гантелдерди көтөрүп коюп турса, остеопороз сыяктуу ооруларды алдын алууга жардам берет. Негизи эле сөөктү бекемдеп туруш үчүн мындай көнүгүүлөр өтө зарыл", — деди Мясников.
Медиктин айтымында, аэробикалык, денени чоё турган жана кара күч көнүгүүлөрүн аял-эркек дебей аралаштырып жасап туруу керек. Спорттук көнүгүүлөр ден соолукка пайдалуу болгондуктан адис аларды жашоо образынын ажырагыс бөлүгү кылып алган жакшы экенин айтат.