Хабиб Нурмагомедовдун турнири Чолпон-Атадагы ат майданда өтөт

3-августка белгиленген мелдеште кыргызстандык көрүнүктүү мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу лиганын чемпиондук куру үчүн таймашка чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Хабиб Нурмагомедовдун Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын мелдеши Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы борбордук ат майданда өтөт. Промоушен мелдештин анонсун өзүнүн Facebook баракчасына чыгарды. 
Анда UFC уюмунун жеңилбес чемпиону, лиганын негиздөөчүсү Хабиб Нурмагомедов мелдештин атайын коногу катары келери айтылат.
ММА тарыхындагы эң бай спортчулардын рейтинги жарыяланды
Промоушендин турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт. 3-августка белгиленген мелдештин башкы беттешинде лиганын жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу менен кез келет.
EFC кезектеги турнирин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россияда өткөн мелдеште айткан болчу. Буга кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгон.
Уюмдун 38-мелдешинде кыргызстандык атактуу мушкерлердин бири Данияр Бабакулов 27 айлык тыныгуудан кийин кайрадан октагонго чыгат.