Суусунду кандырып, тамакты сиңирет. Дарбыздын пайдасы тизмектелди

Дарбыз углеводго бай болгондуктан адамды керектүү энергия менен камсыз кылат. Деген менен адис диабетке чалдыккан жана бөйрөгү ооругандарга дарбыз жебегиле деп кеңеш берет.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Дарбыз азыгы тамак сиңирүүдө пайдалуу касиетке ээ. Бул тууралуу россиялык диетолог Ольга Капийчукка таянып "Известия" жазды.
Анын белгилешинче, дарбыз 90 пайыз суудан тургандыктан, адамдын чаңкоосун кандырат. Мындан сырткары, курамында тамак сиңирүүгө пайдалуу таасир тийгизүүчү өсүмдүк клетчаткасы, ошондой эле темир, магний жана аскорбин кислотасы бар.
Ичегини кайсы суусундук жакшы тазалайт? Адистин кеңеши
Дарбыз ошондой эле антиоксиданттык жана денедеги суюктуктарды сүрүп чыгаруучу касиетке ээ экени кошумчаланды. Капийчук белгилегендей, бул азык углеводго бай болгондуктан адамды керектүү энергия менен камсыз кылат. Ал ортодо адис диабет илдетине чалдыккан жана бөйрөгү ооругандарга дарбыз жебегиле деп кеңеш берет.
Диетолог дарбызды август айынан тарта сатып алууга чакырат. Адистин айтымында, сатыкка чыгаруу максатында өстүрүлгөн дарбызга ашыкча жер семирткичтер себилет, бул адамдын организми үчүн зыян.