Окуяны жергиликтүү ветеринар-хирург Киран Эйвери айтып бергендигин "National Geographic Россия" сайты жазды.
Баткак улам соруп бара жаткан ургаачы пилди көптөп жатып сууруп алышкан. Анын сүрөттөрү социалдык тармакка жарыяланды.
Ири жаныбардын капсалаңга кабылганын көргөн жергиликтүү эл жаратылышты коргоочуларга кабарлаган. Мындай окуяга күбө болуп жүргөн куткаруучулар трактор жана керектүү буюм-тайымдарды кошо ала келишкен. Алар пилди жазы курлар менен арчындап чыгышкан. Доктор Эйверинин айтымында, ыңгайын таап таңбаса, коркуп кеткен жаныбар чиренип же буттарын кергенде адамдар жаракат алып, ал тургай техника талкаланып да калышы мүмкүн.
Алп жаныбарды куткаруу операциясы бир жарым сааттай созулган. Адистердин айтымына караганда, пил ал жерде бир суткадай жатып, баткак акырындап соро баштаган. Адамдар куткаргандан кийин пил түз эле үйүрүнө, токойду карай кеткен.