Кыргызча суудай билген Дима соцтармактарда жылдызга айланды. Видео

Токмоктук Дима аттуу блогердин TikTok аккаунт ачканына аз эле убакыт болду. Азыр анын айрым роликтери тездик менен жайылып жатат. Жаш жигит кыргыз тилинде таза сүйлөп, аны видеолорунда пайдаланат. Тилди билгени биздин каарманды мүшкүлдөн да сактап калган.
Sputnik
Токмоктук жигит кыргызчаны достору жана кошуналарынан үйрөнгөн. Ал тилди кантип үйрөнүп алганын өзү да байкабай калганын айтып берген.
"Төрт жашымда Калмырза деген досум бар болчу. Аны ата-энеси Коля деп койчу. Ал адегенде мага кыргызча сүйлөсө мен ага орусча сүйлөчүмүн. Кийин мен өзүм кантип кыргызча сүйлөп кеткенимди байкабай калдым… Тил билгеним мага пайдасын абдан көп тийгизет", — деген Дима.
Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео
Досторунун кеңеши менен бул жигит TikTok аккаунт ачкан. Ал кыргыз тилинде ирониялуу кыскача видеолорду жарыялап, жашоо-турмуш тууралуу баяндап турат. Катталуучулары менен сүйлөшөт. Учурда анын роликтери 140 миңге чукул лайк чогулткан. 
Жакында эле блогор кыргызча ыр жазган. Ал роликтерди "хайп үчүн эмес", элдин маанайын көтөрүү үчүн тартаарын белгилейт.