Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт

Sputnik

Унааңызды пил токтотту беле? Трассадагы кызыктуу "жолугушуулардан" 15 сүрөт
Спорт журналисттери айрым учурларда атлеттердин сыйлоо аземинде кулап кеткенин, оюн учурунда кийимин жоготуп алганын же күлкүлүү кыймылдарды жасаган учурларын тартып калышат.

Жыл сайын 2-июлда Спорт журналисттеринин эл аралык күнү белгиленет. Анын негизделишине тарыхый окуя себеп болгон. 1924-жылы дал ушул күнү Парижде (Франция) Спорттук прессалардын эл аралык ассоциациясы (International Sports Press Association, AIPS) түзүлгөн. 1995-жылы дал ушул уюм 2-июлду кесиптик майрам катары бекитүүнү сунуштаган.

1 / 18
Мексикалык спортчу кыз 2015-жылы Торонтодо өткөн Панамерикалык оюдарда синхрондук сүзүү мелдешинин командалык таймашынын финалында
2 / 18
Италиялык лыжа спортчусу Кристоф Иннерхофер 2014-жылдагы Сочи олимпиадасынын сыйлоо аземинде кулап калган учуру
3 / 18
2016-жылдагы Рио-де Жанейродогу Олимпиада оюндары. Япониялык суучул Хагино Косукэ жарышка даярданып жаткан чагы
4 / 18
Мексиканын Кулиакан шаарындагы "Томатерос" стадионунда Карибдик бейсбол оюндарынын беттештеринде бейсбол таягынан "үркүп" турган көрүүчүлөр. 2017-жыл.
5 / 18
"Реал Мадрид" клубунун бразилиялык коргоочусу Данило Луис да Силва 2016-жылы УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 8/1 финалдык баскычындагы оюнда бети менен топту тосуп турган учуру
6 / 18
Испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль 2018-жылы Монте-Карлодо (Монако) өткөн ATP Masters Series мелдешинде
7 / 18
2014-жылы Сочи Олимпиадасында көркөмдөп муз тебүү мелдешинде программасын тартуулап жаткан германиялык жуп
8 / 18
Стол теннисинин чебери, бразилиялык Массао Кохацу Рио-де-Жанейродогу Олимпиадада
9 / 18
Бирмингемде өткөн "Астон Вилла" жана "Тоттенхэм Хотспур" клубдарынын беттешинде топ талашкан футболчулар
10 / 18
2012-жылы өткөн Лондон Олимпиадасы. Польшанын волейболчусу Болгарияга каршы оюнда жарнактарды бузуп болсо да топту кайтарган учуру
11 / 18
Словакиялык теннисчи кыз Анна Шмидлова Уимблдон мелдешинде
12 / 18
Франциялык теннисчи Микаэль Льодра Уимблдон мелдешинин беттештеринде көрүүчү кызды басып кулаган учуру
13 / 18
Бийиктен сууга секирүү спорту. Япониялык Кен Тераучи Рио-де-Жанейро Олимпиадасында
14 / 18
Америкалык гимнастика чебери Шон Жонсон 2008-жылдагы Пекин Олимпиадасында программасын тартуулоого даярданып жаткан чагы
15 / 18
"Бока Хуниорс" (Аргентина) жана "Толука" (Мексика) футболдук клубдардын оюнчулары Буэнос-Айресте өткөн Либертадорес кубогу мелдешинде
16 / 18
Спортчу Куртис Робертс АКШда өткөн мелдеште ядро ыргытып жатат
17 / 18
Америкалык "Лос-Анджелес Клипперс" клубунун баскетболчусу Блэйк Гриффин менен машыктыруучусу Винни Дель Негро беттешти майрамдап жаткан учуру
18 / 18
Россиялык теннисчи Мария Шарапова Уимблдон мелдешинде