Тоголок Молдонун 160 жылдыгы: манасчылар арасында сынак жарыяланды

Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. Иш-чаранын 1-баскычы район, шаар, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлсө, 2-3-баскычтары Бишкекте 5-августта болот.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги акын, манасчы Тоголок Молдонун 160 жылдыгына карата манасчылардын Республикалык кароо сынагын өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Сынак мыкты манасчыларды коомчулукка таанытып, улуу өнөрдү жайылтуу максатында уюштурулууда.
Айтса санаты бүтпөгөн Саякбай. Улуу манасчынын көпчүлүк көрө элек сүрөттөрү
Мелдешке 30 жашка чейинки манасчылар катыша алат. Иш-чаранын 1-баскычы район, шаар, маданият борборлорунда 20-июль күнү өткөрүлсө, 2-3-баскычтары Бишкекте 5-августта боло турганы кабарланды. 
Алдыңкы орунду камсыз кылган манасчыларга диплом жана акчалай сыйлык тапшырылып, Нарын облусунда өтүүчү фестивалга катыша алат.
Кароо-сынакка катышууну каалагандар паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана арызды министрликтин ncc07@mail.ru электрондук дарегине жибере алышат. Байланыш номерлери: 0312 66-24-04, 0774 36-95-10, 0709 21-07-33.