Кыргыз-казак чек арасында кезек азайды: 50 жүк ташуучу унаа турат

Кечээ "Ак-Тилек" пунктунан 119 жүк ташуучу автоунаа өтө албай токтоп турган. Адатта дем алыш жана базар күндөрү тыгын көп жаралары белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында жүк ташуучу унаалардын кезеги азайды, абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
ТИМ Казакстандан кыргызстандыктардын виза алуу үчүн кирүүсүнө уруксат сурады 
Ал эми кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү-көзөмөл пунктуларында мындай тыгын катталган эмес.
Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.