ДССУ аптаптуу ысыкта ичпей турчу суусундуктарды атады

Адамдар ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, сууну көбүрөөк ичиши керектиги айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) аптаптуу ысыкта алкоголдук ичимдиктерди, кофеин жана кант кошулган суусундуктарды ичүүдөн баш тартууну сунуштайт. Бул тууралуу ДССУнун расмий өкүлү Тарик Язаревич брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Адамдар ысыктан оолак болуп, салкын жерде баш калкалап, суусундукту көбүрөөк ичиши керек. Эгерде башы айланып баштаса дароо дарыгерге кайрылган оң. Анан бир гана суу ичүү керектигин белгилейбиз. Андыктан алкоголдон такыр баш тартып, ошондой эле кофеин менен кант кошулган сууларды көп ичпөө сунушталат", — деди ДССУнун өкүлү.
Ал Канадада күндүн табы 49,6 градуска чейин жетип, аптаптуу ысык болуп жатканын эске салган.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда дагы келээрки аптада күн катуу ысып, түштүк региондордо 41 градуска чейин жетери эскертилди.