Кыргыз мушкерлеринин урматына OPEN FC лигасынын мелдеши Бишкекте өтөт

Спорттук иш-чара баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Мындай чечимди промоушендин жетекчилиги кыргызстандык мушкердин гран-при мелдешинин финалына чыкканы үчүн кабыл алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. OPEN FC мушкерлер уюмунун алгачкы эл аралык гран-при мелдешинин Бишкекте өтө турган финалынын постери чыкты. Аталган лига аны өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады. 
Финалдык таймашта кыргызстандык мушкер Алимардан Абдыкааров армениялык Айк Казарян менен беттешет. Марада бир миллион рубль акчалай сыйлык жана чемпиондук кур бар.
"14-августта Бишкекте OPEN FC 8 эл аралык ири мелдеш өтөт. Көрүүчүлөр лиганын алгачкы эл аралык гран-при мелдешинин финалына ортоктош болушат. Анда кыргызстандык Алимардан Абдыкааров менен Айк Казарян таймашат", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, уюмдун эң жеңил салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров жарым финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип уткан. Кыргыз спортчусу чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимовду бүк түшүргөн.
Хабибдин мушкерлер уюму Кыргызстанда өтүүчү мелдешинин постерин чыгарды
OPEN FC 8 мелдешинде ошондой эле лиганын жарым жеңил салмак категориясында кыргыз мушкери Бакытбек Дүйшөбеков менен бразилиялык Бруно Роверстин чемпиондук наам үчүн таймашы болот.
Спорттук иш-чара баш калаадагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт. Мындай чечимди промоушендин жетекчилиги кыргызстандык мушкердин гран-при мелдешинин финалына чыкканы үчүн кабыл алган.