Беш мүнөт кетет. Окумуштуулар кан басымды оңой түшүрүүнүн жолун тапты

Изилдөөгө кан басымы нормадан жогору болгон 50дөн 79 жашка чейинки 36 киши катышкан. Ыктыярчылардын жарымына атайын көнүгүү жасатып көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. АКШнын Колорадо университетинин окумуштуулары беш мүнөттүк жөнөкөй көнүгүү дары-дармексиз эле кан басымды төмөндөтүп, кан тамырлардын иштешин жакшыртарын аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгы Journal of the American Heart Association басылмасына чыкты.
Сөз болуп жаткан көнүгүү IMST (Inspiratory Muscle Strength Trainingа) деп аталат. Ал 1980-жылдары курч кармаган респиратордук оору менен жабыркагандардын диафрагмасын жана башка дем алуу булчуңдарын бекемдөө максатында жасалган. Мында бейтап атайын шайман аркылуу дем жутканда аба кайра ичке күч менен тартылып турат. 
Варикозу бар адамдарга күнгө какталуу зыян экени айтылды
Жаңы изилдөөгө кан басымы нормадан жогору болгон 50дөн 79 жашка чейинки 36 киши катышкан. Ыктыярчылардын жарымы IMST көнүгүүсүн жасап, натыйжада алардын кан басымы бир кыйла төмөндөгөн. Адатта мындай жыйынтык жумасына беш жолу жарым сааттан жөө басып жүргөндөрдө болору айтылат. Аны катышуучулар беш мүнөттүк көнүгүү аркылуу эле жасап коюшканы белгиленди.
Мындан сырткары, көнүгүү жасагандардын тамырынын иштеши 45 пайызга жакшырып, ал эми тамырларды кеңейтүүгө жардам берген азот кычкылы бир топ жогорулаган. Ошондой эле көнүгүү жүрөк оорусун алдын алары айтылат.