Нарында кыргыз-өзбек бизнес-форуму өттү. Сүрөттөр

Бизнес-форумга эки облустун жетекчилери жана ишкерлери катышып, Нарын облусу менен Фергана облусунун мындан аркы кызматташуу кадамдарын негиздей турган Жол картасы бекитилди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн Нарын шаарында Нарын облусу менен Фергана облусунун (Өзбекстан) кызматташуу форуму өткөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин жергиликтүү кабарчысы билдирди.
1 / 4
Бүгүн Нарын шаарында Нарын облусу менен Фергана облусунун (Өзбекстан) кызматташуу форуму өткөрүлдү
2 / 4
Маалыматка караганда, Өзбекстандан расмий топ атайын иш сапар менен Нарынга 1-июль күнү келген
3 / 4
Бизнес-форумга эки облустун жетекчилери жана ишкерлери катышып, Нарын облусу менен Фергана облусунун мындан аркы кызматташуу кадамдарын негиздей турган жол картасы бекитилди
4 / 4
Ошондой эле "Нарын" жана "Коканд" эркин экономикалык аймактарынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду
Маалыматка караганда, Өзбекстандан расмий топ атайын иш сапар менен Нарынга 1-июль күнү келген.
Бизнес-форумга эки облустун жетекчилери жана ишкерлери катышып, Нарын облусу менен Фергана облусунун мындан аркы кызматташуу кадамдарын негиздей турган жол картасы бекитилди. Ошондой эле "Нарын" жана "Коканд" эркин экономикалык аймактарынын ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду.
"Фергана облусунун жетекчисинин орун басары, тышкы соода жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Икболжон Эргашев бул кызматташуунун жыйынтыгы экономикалык өнүгүү жаатында чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын белгиледи", — деп айтылат билдирүүдө.
Иш-чарада эки облустун райондорунун жетекчилери, ишкерлери үчүн жакындан таанышып, алдыдагы кызматташуу боюнча пикир алышууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.