Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды

Буга чейин Чолпонбек Абыкеев министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун кеңешчиси болуп эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Абыкеев министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болчу.