Радио

Бексултанов: ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилди

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Санарип саламаттык сактоо борборунун адиси Чыңгыз Бексултанов коронавирус пандемиясынын алкагында ыктыярчылар үчүн электрондук портал ишке киргизилгенин айтты.
Sputnik
Пандемия учурунда ыктыярчы болууну каалаган адамдар жана уюмдар https://dobro.med.kg/ электрондук порталы аркылуу катталышы керек. Мындай маалыматты Чыңгыз Бексултанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, реестрге ыктыярчылар тууралуу толук маалымат киргизилип, электрондук паспорт ыйгарылат.
"COVID-19 пандемиясынын алкагында ыктыярчы болууну каалагандар https://dobro.med.kg/ сайтына кириши керек. Порталга жеке адамдар жана ыктыярчы уюмдар каттала алышат. Анда аларга тиешелүү бардык маалыматтар киргизилип, кандай жумуш жасай ала тургандыгы аныкталып, паспорт тапшырылат. Мисалы, өткөн жылы авто-ыктыярчылар гуманитардык жардамды саламаттык сактоо уюмдарына жеткирип, жардам беришкен. Бирок аларга жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул салынган. Бул маселени чечиш үчүн реестрге катталып жатып, унаасынын номерин да киргизсе болот. Порталдын администратору тарабынан толук текшерүүдөн өткөндөн кийин ыктыярчылар окутуудан өтүп, тиешелүү маалыматтарды алышат", — деди Бексултанов.
Ошондой эле адис ар бир ыктыярчыга берилген жеке QR коду бар паспорт республиканын бардык аймактарындагы процесстерди жана иш-аракеттерди координациялоону тездетерин кошумчалады.