БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов "Спутник V" вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигиндеги ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Марипов жубайы менен 26-июнда Бишкектеги медициналык пунктулардын биринен коронавируска каршы эмделген. Ал жакынкы аралыкта өлкөгө вакцинанын жаңы партиясы алып келинерин убадалаган. Министрлер кабинетинин төрагасы кыргызстандыктарды эмдөөдөн өтүүгө чакырган.
Ушуну менен Марипов "Спутник V" вакцинасын алган постсоветтик мамлекеттердеги жетекчилик кызматтагы адамдардын катарын толуктады.
Буга чейин РФ лидери Владимир Путин, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, республиканын элбашы Нурсултан Назарбаев жана премьер-министр Аскар Мамин, Беларусь менен Абхазиянын өкмөт башчылары Роман Головченко жана Александр Анкваб, Түштүк Осетиянын президенти Анатолий Бибилов "Спутник V" менен эмделген.
Кыргызстанда бул препарат 2021-жылдын февраль айында каттоого алынган. Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, эки компоненттүү "Спутник V" вакцинасы калкы 3,5 миллиардга жеткен 67 мамлекетте колдонууга уруксат берилген.
2020-жылдын декабрь айынан 2021-жылдын 31-мартына чейин россиялыктарга жүргүзүлгөн анализдин жыйынтыгына караганда, "Спутник V" препаратынын эффективдүүлүгү 97,6 пайызды түзөт.
"Спутник V" катуу аллергия кылбайт. Препаратты кадимки муздаткычта сактаса болот. Баасы 10 доллардай болгондуктан дүйнө жүзүнө жеткиликтүү болуп жатат.