"Оскарга" көрсөтүлгөн "Көк серек". Океевди 100гө чыгарбаган тасмадагы сүрөттөр

Sputnik

СССРдин эл артисти Төлөмүш Океев 1973-жылы "Казакфильмдин" чакыруусу менен белгилүү жазуучу Мухтар Ауэзовдун чыгармасынын негизинде "Көк серек" көркөм тасмасын тартууга киришет. Анын сценарийин Андрей Кончаловский менен Эдуард Тропинин жазып, операторлук милдетти Кадыржан Кыдыралиев аткарган.

Фильмде карышкырдын ийнинен алынган бөлтүрүк менен кичинекей Курмаштын ортосундагы мамиле көрсөтүлгөн. Кийин ал жырткыч чоңоюп качып кетет. Күндөрдүн биринде ал куралчан аңчылардын огунан жарадар болуп өзү чоңойгон сарайга кайра келген. Ошол жерден Курмаш эски досуна жардам берүүгө аракет кылат, бирок "бөрү баласы ит болбойт" дегендей, карышкыр кайра өзүнө кол салып талап коёт.

Көзү тирүү кезинде Төлөмүш Океев ошол учурду эскерип жатып, эгер мен 100 жашка чыкпай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө деп айткан жайы бар.

"Көк серек" тасмасынын сценарийин Андрей Кончаловский экөөбүз жазганбыз, менин эң оор фильмдеримдин бири. Анда ак кар, көз муз баскан тоодо, жапайы карышкырлар менен тартканбыз. Эгер мен 100 жашка чейин жашабай калсам, күнөөнү ушул тасмадан көргүлө. Бирок мен аны тартканыма эч качан өкүнбөйм. Бул эмгегим дүйнөдөгү эң мыкты кино сынчылардын сунушу менен "Оскар" сыйлыгына көргөзүлгөн. Ал тизмеде италиялык Федерико Феллини, япониялык Акира Куросаванын кинокартиналары дагы бар эле. Андан башка "Көк серек" Италияда "Алтын альп бутагы" сыйлыгын жана башка фестивалдардан чемодан толо сыйлык, дипломдорго татыды", — деген режиссёр.

Кыргыз кызын сүйүп Фрунзеде калган. Киночу Видугиристин сүрөттөгү ирмемдери
Киночулар ээн талаада, тоодо оор шартта иштешип, мыкты эпизоддорду жаратууга жетишкен. Мисалы, карышкырлардын түндө короодогу койго кол салганы, караңгыга карабай өспүрүмдүн малын сактап калуу үчүн жан далбастаган эпизоду бар. Аны камерага түшүрүп калуу үчүн кинематографисттер аймактагы мыкты аңчыларды чогултуп сарайдын тегерегин кайтартып, Океев дагы аскердик ок атуучу куралды колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөн. Анткени койго атырылган жырткычтар чыгармачыл топко дагы тап бериши толук мүмкүн болчу.

Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган Океевдин ал кинофильми мыкты советтик 100 тасманын катарына кирген. Ага кичинекей Камбар Валиев, Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова, Каргамбай Сатаев, Нуржуман Ихтымбаев, Мухамедкали Таванов өңдүү кыргыз, казак актёр, актрисалары катышкан.

1 / 12
"Көк серек" тасмасынын көпчүлүк бөлүгү Казакстандын Иле өрөөнүндө тартылган
2 / 12
Кинокартинада Сүймөнкул Чокморов, Алиман Жанкорозова жана казакстандык актёрлор роль жараткан
3 / 12
Көчөдө ит менен бөлтүрүктү согуштурган өспүрүмдөр
4 / 12
Режиссёр Океев менен башкы каарман Ахангулдун ролун аткарган Чокморов
5 / 12
Кичинекей Камбар Валиев менен Сүймөнкул Чокморов бөлтүрүккө көз салып турган ирмем
6 / 12
Тоодо балта көтөргөн Океев, камерасын шыкаалаган оператор Кадыржан Кыдыралиев
7 / 12
Кинофильмде 1920-жылдардын башындагы казак элинин жашоо-турмушу да көрсөтүлгөн
8 / 12
Ак кар баскан талаада техникасы менен кызуу иштеген киночулар
9 / 12
"Көк серек" бир нече айда толугу менен тартылып бүтүп көрүүчүлөргө сунушталган
10 / 12
Көк сереги менен кучакташкан Камбар Валиев. Анда башкы каарман 11 жашта болчу
11 / 12
Жоголгон малын издеп келген байлар менен мушташкан Ахангул (Сүймөнкул Чокморов)
12 / 12
Народный артист СССР Суймонкул Чокморов на съемках фильма режиссера Толомуша Океева "Лютый" ("Көк серек"). 1973-год