Садыр Жапаров ЖРТдан мыкты балл алгандарга алтын сертификат тапшырат

Салтанат саат 10.00дө КТРК жана башка телеканалдардан, алардын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө алтын сертификат тапшырат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Дүйнөдөгү 7 окуу жайга өткөн Элнур. Алтын сертификаттын ээси менен маек
Салтанат саат 10.00дө КТРК жана башка телеканалдардан, алардын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Баса, буга чейин быйыл алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн алдыңкы ондугуна кирген улан-кыздар Sputnik Кыргызстан агенттигине кайсы окуу жайга тапшырары тууралуу айтып беришкен.