Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков ЕЭКке министр болуп дайындалды

Мамытканов бажы кызматташтыгы боюнча министр болсо, Асанбеков энергетика жана инфраструктура тармактарына жооп берет. Алардын талапкерлиги май айында жактырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков 30-июндан тарта расмий түрдө Кыргызстандын атынан Евразия экономикалык комиссиясына министр болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2
Темирбек Асанбеков
2 / 2
Максат Мамытканов
Мамытканов бажы кызматташтыгы боюнча министр болсо, Асанбеков энергетика жана инфраструктура тармактарына жооп берет. Алардын талапкерлиги май айында жактырылган.
"Кыргыз темир жолуна" 32 жаштагы жаңы директор дайындалды
Мамытканов бул кызматка Олег Панкратовдун, Асанбеков Эмил Кайкиевдин ордуна барды.
Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков 2020-жылдагы октябрь окуяларына катышкан. Андан соң Мамытканов бир нече ай вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Асанбеков сыяктуу эле ал октябрь айындагы парламенттик шайлоого катышкан болчу.