Кыргызстан Түркмөнстандан эмне алып, эмне сатат? Кызыктуу статистика

Кыргызстан өткөн жылы Түркмөнстандан импорттогон товардын көлөмү экспорттон ашып түшкөн. Биз аларга лампочка менен шоколад сатсак, алар помидор, шейшеп, дасторкон, майлык жана раковина, унитаз жөнөткөн. Кененирээк Sputnik Кыргызстандын материалынан таанышыңыз.
Sputnik
Жакында эле Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди.
27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки мамлекеттин ишкерлери макулдашууга кол койгон.
Президенттик администрациянын билдиришинче, жалпы наркы 21 миллион доллардан ашуун жемиш, сантехника жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой эле тараптар кийим-кече, бут кийим чыгаруу, инвестиция жана импорттук-экспорттук операциялар боюнча кызматташууну макулдашкан.
Тажрыйба алмашалы. Жапаров түркмөн ишканаларын Кыргызстанда иштөөгө чакырды
2020-жылы аталган эки өлкө бири-биринен эмне сатып алганын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Улуттук статистика комитетинин отчётунан анализдеп чыкты.
Анда өткөн жылы эки өлкөнүн товар айлантуусунун көлөмү 11,7 миллион доллардан ашканы белгилүү болду. 2019-жылга салыштырмалуу бир аз өскөн. Деген менен салыштыра келсек Кытай менен болгон соода алаканын 0,2 пайызын гана түзөт.
Былтыр Кыргызстан Түркмөнстанга 4,6 миллион долларлык товар сатып, кайра 7,2 миллион долларлык товар сатып алган.
Кыргызстан экспорттогон товарлар (тизмеге баасы 10 миң доллардан жогору турган товарлар киргизилди):
Түркмөнстандан импорттолгон товарлар: