Түркиянын дымагы. "Стамбул" каналы россиялык флотко коркунуч туудурабы?

Мрамор жана Кара деңизди бириктирген "Стамбул" каналынын көпүрөсүнүн курулушу башталды. Ал Босфорго альтернатива болуп, балким Түркиянын казынасын да толтурушу ыктымал.
Sputnik
Бирок баары эле бул ири долбоорду кубаттайт дегенден алыспыз: экологдор пайдасынан табиятка залалы көп болорун айтууда.
Чет мамлекеттер Монтрё конвенциясы (1936-жылы түзүлгөн Жер ортолук жана Кара деңиздердеги булуңдардын макамы тууралуу доктрина) жана Кара деңиздеги түркиялык милдеттенмелердин аткарылышынан чочулайт. Бул долбоордун башталышы менен россиялык кемелер үчүн эрежелер өзгөрүп-өзгөрбөсү туурасындагы макала РИА Новости агенттигине жарыяланган.

Тарыхтагы ири долбоор

"Биз "Стамбул" каналы аркылуу өтө турган көпүрө тургузууга алгачкы ташты коюу менен Түркиянын өнүгүү тарыхынын жаңы барагын ачып турабыз, — деп салтанаттуу түрдө жарыялады Эрдоган. — Калаабыз, Түркия, бүтүндөй калкыбыз мунун жыргалын көрсүн".
Тийиштүү бардык, анын ичинде курулуштун айлана-чөйрөгө тийгизген таасири боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөнүн билдирди аталган мамлекеттин лидери. Булуңдун тегерегинде кичи райондор, парктар, туристтик объектилер, технологиялык өнүгүү зоналары тургузулат.
"Стамбул" көпүрөсү соңку жылдары шаар үчүн кооптуулугу улам артып бараткан Босфордун жүгүн жеңилдетет. Канал аркылуу жылына 25 миң кеме гана өтүүгө тийиш, эгер ага альтернатива пайда болбосо, 2050-жылга дейре жүк үч эсеге көбөйөт.
"Жыл сайын 45 миң кеме Босфор аркылуу өтөт. Ар бир чоң кеме тобокелдик жаратат. Алар ар кандай жүктөрдү ташыгандыктан, кокус кырсыкка учураса өрт же кыйроого, анын ичинде маданий баалуулуктардын жабыр тартышына алып келиши ыктымал", — деп түшүндүрөт Эрдоган. Чынында эле андай учурлар көп болот: акыркы жолу танкерди башкаруу жарактан чыгып, Босфор боюнча кыймылды токтотууга туура келген.
"10 кеме жетет". Түндүк флоту жаңы сокку уруучу комплексти өздөштүрүүдө
"Стамбулдун" курулушу алты жылга созулуп, 15 миллиард доллар сарптоо пландалган. Каражаттын бир бөлүгү сырттан, маселен, Катардан тартылышы мүмкүн. Дохадан Эрдоган миллиарддаган инвестиция келишимдери менен көп кайтат. Аталган долбоор 15 жыл аралыгында акталат: жылына бир миллиард доллар пайда көрүү болжонот.
Бул – Түркиянын тарыхындагы ири инфраструктуралык демилге, Босфордун дублеру андан 15 чакырымга узун, тагыраагы, 45 чакырымга созулат. Минималдык кеңдиги 275 метрди түзүп, булуңдан эки жарым эсе кууш. Босфордон күнүнө 118-125 кеме өтсө, жаңы каналдан 185тен ашуун кеме өткөрүлөрү айтылууда.
Эрдоган бул тууралуу он жылдан бери айтып келет. Бирок мындай ири курулушту баары тегиз жактыра бербейт. Маселен, Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу каршы чыгып, ал түгүл референдум өткөрүүгө үндөгөн.
Экологдор да Кара деңиз тартылып, ал эми Мрамор деңизинде экосистема бузулат деп санааркайт. Жер титирөөлөр да болушу мүмкүн. Стамбулдун суу менен жабдылышы да коркунучка дуушар болот, канал сактагычка таза сууну толтуруп алат.

Деңизден "соккон" коркунуч

Босфор жана Дарданелла кысыгы аркылуу Кара деңизге өткөрүүнү жөнгө салуучу Монтрё доктринасынын тагдыры да өзүнчө кеп. Документке ылайык, алар соода кемелери үчүн эркин, Түркия мындан пайда көрбөйт. Анткен менен Кара деңиз аймагына камтылган өлкөлөрдүн аскердик кемелеринин колдонушун республика көзөмөлдөйт. Алар Кара деңизде үч аптадан ашык сүзө албайт, ал эми жалпы жүк 45 миң тоннадан ашпоого тийиш.
Апрелде өлкөнүн келишимден чыгуу ыктымалдыгы тууралуу билдирүүлөрдүн артынан окуянын андай нук алышына каршы ачык кат жазган адмиралдардын камалышы жөнүндө жаңылыктар жаңырды. Президент Эрдоган конвенция күчүндө экенине ынандырууга ашыккан. Анткен менен "Стамбул" каналы Анкарага анын жоболорунан буйтоого мүмкүндүк берет деген чочулоолор дале бар.
Түркия кызыктуу концепцияны сунуштоодо. "Стамбул" каналы Монтрё конвенциясына каршы келбейт, ошол эле убакта Анкаранын да аброюн арттырарын айтат Е.М.Примаков атындагы Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун улук илимий кызматкери, Россия ТИМинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын доценти Владимир Аватков.
АКШ Кабулду Түркияга табыштады... Талибдер кандай кабылдайт?
"Башкача айтканда, бийлик долбоордун конвенцияга байланышы жоктугун, маңызында ага баш ийбестигин айткысы келет, анткени курулуш кол менен жасалат. Бул келечекте Монтрё доктринасына коркунуч туудурчу таптакыр башка канал", — деп түшүндүрөт эксперт.
Курулушту Кара деңиздеги Украина жана Грузиядан башка өлкөлөр да кубаттабайт, алар батыштык аскердик-саясий альянстын аталган деңиз акваториясынан кеңири орун алышын каалаганын белгилейт Россия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун Түркия секторунун илимий кызматкери жана заманбап Түркияны изилдөө борборунун директору Амур Гажиев. Түркия жетекчилиги долбоорду Кара деңизге тиешеси жок Батыштагы мамлекеттер да кызыгарлык деңгээлге чыгарууну самайт. Ошону менен бирге эле Румыния, Болгария жана Грецияга да бул жакпайт. "Россия үчүн да жакындагы британ кемесинин катышуусундагы окуяны эске алганда Крымдын жээгинде чагымчылдыктардын болушу жагымсыз көрүнүш. Москва Кара деңизге кирбеген, айрыкча НАТО өлкөлөрү конвенция жоболорун сактабастан, аталган акваторияда аскердик-деңиз күчтөрүнө орун камсыздоого жол ачылышына каршы", — деп кошумчалайт Гажиев.
АКШ, Улуу Британия жана НАТОнун алдыңкы өлкөлөрү Монтрё доктринасынын жоболору эскирди деген ойдо. Эксперт белгилегендей, алар Кара деңизде кемелердин санын арттырууга далбас урушат.

Укуктук нюанстар

Жаңы канал аркылуу Кара деңизди НАТОнун кемелери каптайт деген чочулоолор негизсиз экенин боолголойт чыгыш таануучу жана публицист Андрей Онтиков. "Стамбул" же башка канал болобу, Монтрё доктринасында Босфор жана Дарданелланы гана макамын эмес, Кара деңизде чөлкөмгө тиешеси жок державалардын кемелеринин жайгашуусу тууралуу да камтылат. Башкача айтканда, америкалык авиаташуучулар бул жакка Стамбул каналы аркылуу келсе да конвенцияны бузган болуп саналат", – дейт.
Бирок капыстан россиялык-түркиялык алакалары кескин начарлап кете турган болсо кызыл кулактык да болушу ыктымал. Балким, жаңы каналды пайдалануу жөнүндөгү жобону документ түрүндө бекиткен оң болор", — деген оюн ортого салат Онтиков.
Өз үйлөрүндөгүдөй. Түркиянын “жумшак күч” саясаты
Кандай болгон күндө да Монтрё доктринасы эң оболу Түркияга тиешелүү. Ал Анкаранын кызыкчылыктарын коргоо үчүн атайын түзүлгөнүн белгилейт Россия Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун Түндүк америкалык изилдөөлөр борборунун улук илимий кызматкери, деңиз укуктары боюнча адис Павел Гудев.
"Анан калса документке өзгөртүүлөрдү киргизүү оңой эмес. Ал үчүн эл аралык конференция өткөрүп, төрттөн үч бөлүгү "макул" деп добуш берүүгө тийиш. Ал эми андай натыйжанын чыгышы өтө эле кыйын. Россия ага эч качан макулдук бербейт, башка катышуучулар да колдоого алары арсар, — деп ой толгойт Гудев. — Түркия макулдашуудан бир тараптуу тартипте чыкпайт, бирок амалкөйлүк кылып, аскердик кемелердин деңизди колдонушун көзөмөлдөбөстөн, эрежелердин бузулушуна жол бериши мүмкүн. Ошондо башкалар конвенциянын режими эскирип, өзгөртүүгө мезгил жетти деген бүтүмгө келишет".
Монтрё доктринасынан улам долбоор жаатында тынчсызданууга негиз жок, анан да жогорку деңгээлдегилер анын жоболорун кайра карап чыгууга азырынча чыгыныша элек. Анткен күндө да Түркия өз кызыкчылыгына жараша аракеттерди көрүшү мүмкүн, себеби жаңы каналдын макамы таптакыр белгилене элек.
Дегеле талкуунун өзү Анкара чөлкөмдө гана тургай, дүйнөлүк аренада кыйла салмактуу оюнчу болууга умтуларынан кабар берет. Андыктан түркиялык жетекчиликтин амбицияларына өзгөчө көңүл бурган оң.