Келишимдер аткарыла баштады. Бишкекке Түркмөнстандан жүк келди. Сүрөт

Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарында эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүк жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июн. — Sputnik. Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди
2 / 3
Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган
3 / 3
Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн
Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган. Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн.
"Мындан сырткары. кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган. Бул макулдашуулардын алкагында 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду", — деп айтылат маалыматта.
Жүктү Бишкектен президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев тосуп алганы айтылды.