Рахмон менен жолуккан Жапаров чек ара маселесин көтөрдү. Видео

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан башчысы менен Душанбеде жолугуп эки өлкөнүн чек ара маселесин көтөрдү.
Sputnik
Ал Тажикстан менен болгон чек арадагыдай трагедиялуу окуянын кайталанышына жол бербеш керектигин айткан.
Жапаров ушул жылдын 28-30-апрель күндөрүндө болгон окуялар эки өлкөнүн эли үчүн оор тарыхый сыноонун жана кайгы-капанын күндөрү болуп калгандыгын өкүнүү менен белгилеген.
"Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын эли илгертен бери бир тууган эл, кыргыздар менен тажиктер ар дайым ынак коңшулук, достук мамилелерди сактап келишкен", — деген Кыргызстандын президенти.
Жапаров биргелешкен аракеттердин натыйжасында тараптар чек ара маселелерин чечүү жолдорун табарына ишенерин билдирген.
Рахмон Тажикстан Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин, мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин айткан.