Жапаров Рахмонду Кыргызстанга чакырды. Президенттердин биргелешкен билдирүүсү

Тажик лидери чакырууну ыраазычылык менен кабыл алганы жана иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылары айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда, Душанбе шаарында сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Эске салсак, Рахмондун чакыруусу менен 28-29-июнда Жапаровдун Тажикстанга расмий сапары болуп өттү.
Рахмон менен жолуккан Жапаров чек ара маселесин көтөрдү. Видео
Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү кыргыз-тажик мамилесинин абалын жана келечегин талкуулап, пикир алмашты.
Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы 1996-жылдын 12-июлундагы "Мамлекеттер аралык мамилелердин негиздери жөнүндө" келишимде жана 2004-жылдын 26-майындагы "Ынак коңшулук жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө" келишимде жазылган принциптерди жана милдеттенмелерди карманарын белгилеп төмөнкүлөрдү билдирди:
Өлкө президенти тажикстандык кесиптешине меймандостугу жана жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Эмомали Рахмонду расмий сапар менен келип кетүүгө чакырган. Чакыруу ыраазычылык менен кабыл алганы жана иш сапардын мөөнөтү дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылары айтылат.