Бир суткада 1092 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду

Азыркы тапта ооруканаларда 3 209 бейтап медициналык жардам алууда. Анын ичинен 140 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 1 092 кишиден коронавирус табылып, 558 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 123 038ге жетти. Анын ичинен 109 511 киши дартты жеңди.
Айыккандар:
Азыркы тапта ооруканаларда 3 209 бейтап медициналык жардам алууда. Анын ичинен 926 кишинин абалы оор болсо, 140 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Бир суткада 27 медиктен коронавирус аныкталган.