Хабибдин мушкерлер уюму Кыргызстанда өтүүчү мелдешинин постерин чыгарды

Постерде мыкты беттештер, титул үчүн таймаштар болору белгиленген. Eagle FC лигасынын турнири Кыргызстанда алгачкы ирет өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун Eagle FC лигасынын Кыргызстанда өтө турган мелдешинин постери чыкты. Мушкерлер уюму аны өзүнүн Instagram баракчасына жарыялады.
Анда мыкты беттештер, титул үчүн кыл чайнаш таймаштар жана атактуу мушкерлердин октагонго чыгары белгиленген.
"Eagle FC алгачкы жолу Кыргызстанда мелдеш өткөрөт. Чемпиондук кур үчүн таймаштар болот. Кеченин башкы беттешинде лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев чемпиондук наамын коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит уулу менен кез келет", — деп айтылат постто.
Кыргызстандык Тилек Машрапов ACA мушкерлер лигасы менен келишим түздү
Уюмдун 38-мелдешинде кыргызстандык атактуу мушкерлердин бири Данияр Бабакулов 27 айлык тыныгуудан кийин кайрадан октагонго чыгат.
Аталган лига кезектеги мелдешин Кыргызстанда өткөрүүнү пландаганын промоушендин президенти Шамил Завуров март айында Россиянын Краснодар шаарында өткөн уюмдун мелдешинде айткан болчу. Буга лигадагы кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулунун татыктуу беттеш көрсөткөнү себеп болгонун билдирген.