Варикозу бар адамдарга күнгө какталуу зыян экени айтылды

Дарыгер варикозу бар адамдар күнгө какталганда кан тамырлар "ысып", бул кандын уюшуна алып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Кан тамырында варикозу бар адамдар көлгө түшүү сезонунда абайлабаса кан уюп калышы мүмкүн экенин Sputnik радиосуна хирург-флеболог Армен Авакян айтып берди.
Анын пикирине караганда, варикозу бар адамдар күнгө какталганда кан тамырлар "ысып", бул кандын уюшуна алып келет. Мындан улам ысыкта көп жүрбөш керек. Бул адатта күндө 1-2 саат же андан да ашык уктап калгандарга тиешелүү.
Адис кандын уюшун алдын алуунун үч жолун айткан. Биринчиден күнгө бир сааттан ашык күйбөш керек, суу ичкенди унутпаңыздар, ошондой эле булчуңдар иштеп турушу үчүн басуу зарыл.