БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Социалдык тармактарда Чүй облусунун фермерлери Бишкек — Ош жолун тосуп алганы тартылган видео тарап жатат.
Алар эгин куурап калбашы үчүн суу тартыштыгын чечүүнү талап кылууда. Окуя Москва районунун аймагында болгон.
Ал эми Чүй облустук милициянын маалымат кызматы азыркы тапта жол ачык экенин айтып, кенен маалыматты бир аздан кийин берүүнү убадалады.
Бул жылы Чүй облусунда суунун таңсыктыгы дыйкандарды чоң түйшүккө салууда. Алар тарыхта биринчи ирет ушундай кургакчылык болуп жатканын айтышат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы буга чейин Чүй өрөөнүндөгү дарыялардын башына барып, суу жетпей жатышынын себебин билип келген.