COVID: Бишкектеги № 2 төрөт үйү ооруга чалдыккан кош бойлууларды гана кабыл алат

Медициналык мекемеде илдетке чалдыккан кош бойлуу аялдарды кабыл алуу үчүн жалпысынан 70 орун бар. Мындай режимде иштөө абал жакшырганга чейин уланат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Бишкектеги Бейшеналиева көчөсүндөгү №2 төрөт үйү коронавирус жана пневмонияга чалдыккан кош бойлуу келиндерди гана кабыл алат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди.
Узатып, тосуп келгендер кирбейт. Кыргызстандагы үч аэропорт чектөө киргизди
Асылбашева белгилегендей, мындай режим абал жакшырганга чейин уланат. Медициналык мекемеде баш-аягы 70 орун даярдалган. Дарыгердин айтымында, өткөн жылы вирус жуктургандардын саны көбөйгөн учурда оорукана июль айына чейин дал ушундай режимде иш алып барган.
Эске салсак, бүгүн өлкөдө антирекорд катталды. Жыл башынан бери сутка ичинде илдет жуктургандардын саны 1 081ге жетти.