Ашхабадда Жапаров менен Бердымухамедов жолукту. Сүрөт

Президенттер сүрөткө түшкөндөн кийин тет-а-тет форматында сүйлөшүү башталган. Күн деминде региондук, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара алака-катташтын актуалдуу маселелери бар экени буга чейин айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ашхабадда Кыргызстан жана Түркмөнстан президенттери Садыр Жапаров менен Гурбангулы Бердымухамедов расмий жолугуп, тет-а-тет форматында сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 11
Ашхабаддагы президент Садыр Жапаров менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун расмий жолугушуу аземи
2 / 11

3 / 11

4 / 11

5 / 11

6 / 11

7 / 11

8 / 11

9 / 11

10 / 11

11 / 11

Гүл менен нан көтөргөн бөбөктөр. Жапаровдун учагы Ашхабад шаарына конду. Видео
Ардактуу кароолдун командиринин рапортунан кийин Кыргызстан менен Түркмөнстандын мамлекеттик гимндери жаңырып, эки президент Ардактуу кароол ротасын бойлой басып, өз өлкөлөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырган.
Андан соң Жапаров автоунаа менен атчандар эскортунун коштоосунда "Огузхан" сарайына багыт алган.
"Бул жерде мамлекет башчылары сүрөткө түшкөндөн кийин тет-а-тет форматында сүйлөшүүгө киришти", — деп билдирди маалымат кызматы.
Буга чейинки маалыматтарда алардын эки жана көп тараптуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, региондук, эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара алака-катташтын актуалдуу маселелерин талкуулашары айтылган.
Эске салсак, Жапаров бул күндөрү Түркмөнстанда расмий сапар менен жүрөт.