Миллионердин жубайын көңүлдөш кылып алган британиялык министр иштен кетти

42 жаштагы Мэтт Хэнкок жубайы Мартага 15 жыл мурда үйлөнүп, учурда экөө үч баланын ата-энеси. Министрдин көңүлдөшү 43 жаштагы Жина Коладанджело Oliver Bonas кийим-кече дүкөндөр тармагынын кожоюну Оливер Тресстин жубайы.
Sputnik
БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Улуу Британиянын саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок жардамчысы экөөнүн жеке мамилесине байланыштуу чуудан кийин отставкага кетти. Бул тууралуу Хэнкоктун Twitter баракчасындагы билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
Бактысыз болуп өтөмбү? Курбусунун жигитин сүйүп, азап тарткан кыздын каты
Коомчулукту үй-бүлөлүү адамдын башка аял менен мамиле куруп алгандан тышкары, аны алгач жардамчы, андан соң министрликтин кеңешине мүчө кылып дайындап коюшу кыжырлантууда.
Көп өтпөй оппозиция мүчөлөрү "коронавирус учурунда коомдук жайларда, кызмат ордунда аралыкты сактагыла", ошондой эле "үй-бүлөнү баалап, ой келди, иретсиз сексуалдык байланыштарга барбагыла" деп айтып келген министрдин өзүнүн жоругун бетпактык деп баалап, кызматтан кетишин талап кылышкан.
"Премьер-министр менен жолугуп сүйлөштүм. Азыркыдай кризис учурунда менин жеке жашоом ушунчалык көңүл чордонунда болуп калышын каалаган эмесмин. Үй-бүлөмдөн жана жакындарымдан аларды ушундай абалга кептегеним үчүн кечирим сурайм. Азыр балдарым менен болушум керек. Андыктан отставкага кетүүгө милдеттүүмүн", — деди Хэнкок.
42 жаштагы Мэтт Хэнкок жубайы Мартага 15 жыл мурда үйлөнүп, учурда экөө үч баланын ата-энеси. Министрдин көңүлдөшү 43 жаштагы Жина Коладанджело Oliver Bonas кийим-кече дүкөндөр тармагынын кожоюну Оливер Тресстин жубайы. Алардын дагы үч баласы бар.