БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ош шаарындагы Туран аймактык башкармалыгында эки ички көчөнүн жолу асфальтталууда. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Оңдоо иштери Ош шаардык жол башкармалыгынын 2021-жылга карата иш планына ылайык жүрүүдө. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
Асфальт төшөөгө 15 атайын техника жана үч бригада тартылган.